Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов президенттик шайлоо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту.
Жолугушууга КМШ, ШКУ, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши, ТүркПА, Ислам Кызматташтык Уюму, Россия Федерациясынын жана Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссияларынын эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары катышты. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу шайлоо Кыргызстан эли үчүн, айрыкча, парламенттик шайлоонун жүрүшүндө болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар аныкталган Октябрь окуясынын өңүтүндө өтө чоң мааниге ээ болгонун белгиледи.
Талант Мамытов шайлоо менен референдумду тынч, ачык-айкын жана акыйкат өткөрүү үчүн бардык чаралар көрүлгөнүнө өзгөчө токтолду. Мамытов шайлоо процессине эл аралык байкоочу катары жигердүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык айтып, бул өлкөнүн укуктук талаага кайтып келүүсүндө, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушту жандандырууда Кыргызстан элинин күч-аракетине өзүнчө бир колдоо болуп саналарын билдирди. Эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрү Талант Мамытовду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти.
Шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткендей одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгы, президенттик шайлоо менен референдум ачык-айкын өткөндүгү, ал эми добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар аныкталган учурларда жооптуу адамдар тарабынан ыкчам чаралар көрүлгөндүгү айтылды. Мамытов эл аралык байкоочулардын берген баасы маанилүү экенин баса белгиледи.