Жаңылыктар
Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштө ар бир кыргызстандыктын жардамына муктаж экенин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштө ар бир кыргызстандыктын жардамына муктаж экенин билдирди

Саясий куугунтукка жол берилбейт. Ким гана болбосун, саясатчыбы же жеке адамбы, эгер ал өлкөгө зыян келтирсе, мыйзам алдында жоопкерчилик тартууга тийиш. Бул тууралуу Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирген. 

Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча алдыңкы катарда келе жатат. Кол менен саноонун жыйынтыктарына ылайык шайлоочулардын 83,92 % добушуна ээ болгон. Ал эми автоматтык эсептөө урналардын алдын ала корутундусу боюнча 79,20 пайыз менен сап башында. Садыр Жапаров кечээ өткөн маалымат жыйынында өзү менен бирге саясий жарышка катышкан бардык талапкерлер менен кызматташууга даяр экендигин да айтты.

Садыр Жапаров өлкө экономикасы, энергетика системасы жана саясий кырдаал өтө оор мезгилге туш келген убакта, бийлик башына келип жатканын белгиледи. Коррупция менен болгон күрөштө ар бир кыргызстандыктын жардамына муктаж экендигин айтып, бюрократ коррупционер саясатчылардан тазалануу зарыл экендигине токтолду.