Жаңылыктар
Мирвахид Азимов Кыргызстандагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өткөнүн билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Мирвахид Азимов Кыргызстандагы шайлоо эл аралык стандарттарга ылайык өткөнүн билдирди

Кыргызстандагы президенттик шайлоо жана референдум эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин миссиясынын башчысы Мирвахид Азимов билдирди. 

Анын айтымында, байкоочулар Кыргызстандагы кезексиз шайлоонун алдында үгүт иштеринин материалдарын карап чыккан. 

"Байкоочулар миссиясы Тышкы иштер министрлиги жана БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугуштук. БШК Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте шайлоо тилкелеринде санитардык эрежелердин сакталышына шарт түздү", - деди ал. 

Мирвахид Азимов чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлүп, кыргызстандыктардын добуш берүүсүнө мүмкүнчүлүк каралганын айтты. 

"Буга чейинки парламенттик шайлоодогу даттануулардан улам №2 форма жоюлганын позитивдүү кадам деп эсептейбиз. Шайлоо ачык-айкын, мыйзамга ылайык өттү", - деп кошумчалады ал.