Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президентин шайлоодогу алдын ала жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан билдиришти.
Казакстан башчысы президенттик шайлоонун жыйынтыгы Садыр Жапаровдун Кыргызстан элинин чоң ишенимине ээ экендигин көрсөткөнүн белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго мындан аркы мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын Президенти кызматына расмий киришкенден кийин Казакстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, иш сапары катары чакырууну кабыл алды. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаевди Казакстанда парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.