Ички иштер органдары шайлоо процесси учурунда 112 мыйзам бузууну каттады. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов кабарлады.
Добуш берүү күнүнө чейин 78 факты катталган, шайлоо күнү 34 учур аныкталды.102 факты боюнча чаралар кабыл алынды, калганы боюнча сотко чейинки өндүрүш аракети көрүлүүдө. Кошумчалай кетсек өлкө аймагында шайлоо иш-чарасы учурунда ички иштер органдарынын 11 миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылды.
Анын ичинде, 2 миң 426 шайлоо участогундагы коопсуздукту 5 миң 400дөн ашык кызматкер камсыздап, ыкчам чара көрүүчү 280ден ашык документтештирүү топтору иш алып барды. Урмамбетовдун айтымында ушул тапта өлкө аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө.