Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев Кыргызстанда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктаган референдумдун ийгиликтүү өткөндүгү менен куттуктады.
Ал бул тууралуу өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазып чыкты. “Бир тууган кыргыз эли жаңы Президентти шайлады. Садыр Жапаровдун Президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши тууралуу кабарды өтө кубануу менен кабыл алдым. Кыргызстандын жаңы шайланган Президентин чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Садыр Жапаров менен өлкөдөгү саясий окуялардын кийинки эле алгачкы күндөрдө жолугуп, Кыргызстандагы саясий туруктуулукту, мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө эки тараптуу жолугушуубузда кеңири талкуулаганбыз. Түрк дүйнөсүнүн негизги бөлүгүнүн бири катары, кыргыз элине тынчтык, биримдик, ынтымак, бейкутчулук каалаганбыз. Жапаров бул бийик миссияны Кыргызстандын жаңы шайланган Президенти катары бийик абийирдүүлүк, ар - намыстуулук менен аткарат деген терең ишенимдебиз. Ошондой эле Түрк мамлекеттери менен салттуу байланышыты чыңдап, келечекке ишенимдүү кадам таштайт деген терең үмүттөбүз”,- деп айтылат Багдад Амреевдин куттуктоосунда.