Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 10-январда өткөн президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет барагында жана "Твиттерде" жарыялады.
"Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана референдум тынчтык жана коопсуз кырдаалда жыйынтыкталганына биз кубанычтабыз. Президенттик шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз",- деп жазылган билдирүүдө.
Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы башкы консулдукта добуш беришти.