Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2021-жылдын 11-январь күнү саат 01:38де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган айылында 4 балл,  Тосой, Ак-Терек, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.