Бишкекте шайлоого карата шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык борбор калаанын аймагында 60 унаа экипажы жана 120 жөө кайгуул кызматкери коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алууда. Бардык бөлүнгөн кызматкерлер медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздалган.