Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков баш болгон өкмөт мүчөлөрү жарандык милдеттерин аткарып өздөрү катталган шайлоо тилкелеринде добуш беришти. Вице-премьер-министрлер Равшан Сабиров менен Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын, ал эми дагы бир вице-премьер-министр Максат Мамытканов Ысык-Көл облусунан шайлоого катышты. Алар пандемиялык шартта өтүп жаткан шайлоо өлкө келечеги үчүн маанилүү экенин белгилеп, ынтымак, туруктуулук аркылуу гана ийгиликке жетүүгө болорун билдирди.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкек шаарындагы №1102 шайлоо участогунан добуш берди. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу журналисттердин суроолоруна жооп берип, бул жолку шайлоо өнөктүгүнүн жыйынтыгы өлкөнүн өнүгүшүнө чоң таасир этерин билдирди.
Ал эми Вице премьер-министр Максат Мамытканов өзү туулуп өскөн Ысык-Көл районун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо участогунан добушун берди. Максат Мамытканов тарых барактарында калчу бул күнгө жалпы элдин тура тандоосу менен өнүгүү жолуна түшүүгө ишеним чоң экенин белгиледи.
Бишкек шаарындагы №12 22 шайлоо тилкесинде 2005 шайлоочу бар болсо анын 15и кечээ үйлөрүнөн добуш беришкен. Бүгүн бул тилкеге вице-премьер-министр Равшан Сабиров да барып жарандык милдетин аткарды. Шайлоонун ачык өтүшүнө байкоочулар көз салышты.