Жаңылыктар
ТИМ: Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө жалпысынан 1 миң 201 жаран добуш берди
Кыргызстан жаңылыктары
ТИМ: Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө жалпысынан 1 миң 201 жаран добуш берди

Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө жалпысынан 1 миң 201 жаран добуш берди. Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдиргендей, 28 өлкөдө 48 шайлоо участкасы бар. 

Мунун ичинен Бишкек убактысы боюнча бүгүн таңкы саат 3тө алгачкылардан болуп Южно-Сахалинск шаарында добушкана ишин баштады. Андан кийин Япония, Түштүк Корея, Кытай, Малайзия, Индия, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Азербайжан, Бириккен Араб Эмираттары жана Россиянын бир катар шаарларында шайлоо тилкелери ачылды. Ушу тапта чет өлкөлөрдө 24 шайлоо тилкеси иштеп жатат, калгандары убакыттын айырмачылыгына байланыштуу кийинчерээк ачылат.