Бүгүн, 9-январь күнү саат 08:00дө Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум алдындагы үгүт иштери токтоп, «жымжырттык күнү» башталды. Шайлоого 24 саат калганда шайлоо жарышына түшкөн талапкерлердин кандайдыр бир үгүт иштерине тыюу салынат. Ошондой эле БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет сайттар, гезит-журналдар үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат.
«Жымжырттык күнүн» шайлоо процессинин катышуучулары бузган учурда, БШК мыйзам бузуучуга чара көрүүгө укуктуу. БШКнын маалыматы боюнча, президенттик шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат. 2021-жылдын 10-январында президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтөт.