Кыргызстанда бир суткада коронавирус 147 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгондордун бирөө Бишкектин, экинчиси Талас облусунун тургуну болгон. Ал эми бир сутка ичинде 204 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү илдеттен стационарларда 862 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 232 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 8, стационардан 6 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 143 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 997 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирди штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 138 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 751 киши айыгып чыкса, 1 миң 367 адам каза болду.