Жаңылыктар
Унааларды көзөмөлдөө камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилет
Кыргызстан жаңылыктары
Унааларды көзөмөлдөө камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилет

Унааларды көзөмөлдөө камералары бардык өткөрүү пункттарында ишке киргизилет. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Талас облусуна жумуш сапары менен барган учурда билдирди. Новиков "Чоң Капка" көзөмөл-өткөрүү бекетиндеги иштин жүрүшүн сынга алды. Жергиликтүү элди жумуш менен камсыздоо үчүн чет элдик ишкерлерди колдоо жана социалдык турмушту жакшыртуу боюнча эл менен жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады. 

«Түндүк» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте бир жума ичинде республиканын аймагындагы бардык өткөрүү пункттарында автономерлерди белгилөөчү камералар ишке кирет. Эми жүк ташуучу унаалар аркылуу чек араны кесип өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга болот. Көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагын кыдырып чыккан соң, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу айрым кызматардын ишине сын-пикирин билдирди.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Артём Новиков "Жамгыр" кенин иштеткен "Вертекс голд" компаниясынын иши менен да таанышты. Кыйын абалга карабай октябрдагы саясий толкундоолордон кийин ишин кайрадан жанданткан компания тынымсыз иштесе, ушул жылдын август айларында биринчи иштин жыйынтыгы чыгат. Анализдердин натыйжасы алтындын 10 тоннадай кору бар экенин көрсөттү. Демек бул тармакта аз эле дегенде беш жыл иш болот.