Кыргызстанда алдыда өтө турган шайлоолор өзгөчө тарыхый мааниге ээ, - дешет адистер. Бул жолу жарандар өлкө башчысын гана тандабастан, референдум аркылуу мамлекеттин башкаруу формасына да өз пикирлерин билдиришмекчи. Андыктан күтүлүп жаткан жалпы элдик тандоо - өлкө тарыхында бурулуш жасай турган өнөктүктөрдөн болуп калат. Серепчилердин пикири алдыдагы материалда.
Өткөн жылдын октябрь айында Кыргызстанда үчүнчү жолу бийлик элдин нааразычылыгынан улам алмашты. Буга чейин келген бир дагы мамлекет жетекчиси элдин үмүтүн актаган жок. Ар бир саясий чоң окуялардан кийин элдин үмүтү алдыга жылуу, өнүгүү жана бакубат жашоо болууда. Бул жолу Кыргызстан бир гана өлкө башчысына гана добуш бербестен, мамлекеттин башкаруу формасын да өздөрү тандоо алдында турат.
Андыктан Кыргызстанда алдыда өтө турган шайлоолор өзгөчө тарыхый мааниге ээ дешет адистер. Күтүлүп жаткан жалпы элдик тандоо - өлкө тарыхында бурулуш жасай турган өнөктүктөрдөн болуп калат.
Өлкөнүн баш мыйзамында белгиленгендей, эл өз бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда жүзөгө ашырат. Кыргызстанда өлкө президенти жана парламент жалпы элдик шайлоо аркылуу тандалат. Ушуга катар референдумдун жыйынтыгы калың элдин пикиринен көз каранды.