Жаңылыктар
Россиядагы шайлоо тилкелериндеги уюштуруу иши
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядагы шайлоо тилкелериндеги уюштуруу иши

Мобилдик топтун курамындагы Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгү мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүүгө даярдыктын алкагында эки шайлоо тилкесин уюштурду. Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлашкандай, алар Москва шаарындагы Житная көчөсүндөгү №6 мектепте жайгашкан №9016 жана №9017 шайлоо участоктору. Тилкелерге шайлоочулардын тизмеси илинип, добуш берүүгө тиешелүү жабдыктар менен камсыздалды. Шайлоо күнү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте имаратка текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү сунуштар иштелип чыкты. Ошондой эле, Москва жана Тюмень шаарларында добуш берүү тилкелери ачылган.