Жаңылыктар
Бишкекте мектеп менен бала бакчалар ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мектеп менен бала бакчалар ачылат

Бишкекте 18-январдан тарта айрым мектептер кадимки режимде иштей баштайт. Ал эми 20-январда бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелеринин ишин жандантуу чечими кабыл алынды. Бишкектин башкы санитардык дарыгери окуу процессин этап-этабы менен ишке киргизүүнү колдогон. "18-январдан баштап 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары офлайн режиминде билим алышат. Балдар шахматтык түрдө отургузулуп эки нөөмөткө бөлүнөт. Мындай форматта 1-февралга чейин окушат. Бирок эпидемиологдор кырдаалга көз салып турат", - дешти мэриядан. Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, мектепке бардык окуучулар бара баштайт. Ал эми ар кандай себептерден улам офлайн-сабакка катыша албаган балдарды онлайн-окутуу маселеси каралат.