Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкерлердин биринин жубайына карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын билдирди. Анда шектүүнүн аты-жөнү жана кайсы талапкердин жубайы экени ачык жазылган эмес. Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде түшкөн арызга ылайык, кыргызстандык жаранга карата сотко чейинки териштирүү иши башталып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы белгиленген. Маалыматка караганда, талапкерлердин биринин жубайы ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн шек саналууда. Ал 2017-2018-жылдарда арыз жазган жарандан жалпы бизнес жүргүзүш үчүн 5 миллиондон ашык доллар алып, аны кайтарбай койгон деп шектелүүдө. УКМКнын билдирүүсүндө арызданган адам чет элдик инвестор экени жана өлкөгө керектүү долбоорго капитал салууну көздөгөнү да жазылган. Иш прокуратурага өткөрүлүп берилгени кабарланды.