Талас облусунда президенттик шайлоого карата облустук милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, облус боюнча жалпы 500гө жакын кызматкер шайлоо аймактарына бөлүндү. Шайлоо күнү аймакта коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти милиция кызматкерлери камсыз кылышат. Окуя болгон жерге чыгууга ар бир райондо жана башкармалыкта документтештирүү топтору түзүлгөн. Бардык бөлүнгөн кызматкерлер медициналык коргонуучу каражаттар жана тиешелүү унаалар менен камсыздалган.