Жаңылыктар
Статс-катчы коррупцияга шектелип кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Статс-катчы коррупцияга шектелип кармалды

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 7-январь күнү коррупцияга шектелип кармалды.

Бул маалыматты Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур "Ала-Тоо 24" каналына билдирди. Маалыматка ылайык, Мамыркалиев учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. «Бул коррупциялык схема Бишкек-Ош жолундагы тоннелдерди тейлөөчү «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттериндеги автоунаа кыймылын көзөмөлдөөдө колдонулган. Тергөө аныктагандай, 2018-жылы аталган бекеттерге автоматташтырылган аппараттык-программалык комплекс орнотулган. Бирок буга карабай, бекеттердин айрым кызматкерлери министрликтеги айрым жогорку кызматта отурган жетекчилердин коргоосу менен, мыйзамсыз баюу максатында, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы узак убакыт бою системаны өзгөртүп, маалыматтарды алмаштырып келишкен». Пискурдун сөзүнө караганда, Бишкек-Ош жолундагы бул коррупциялык схемадан мамлекет 20 млн. сом зыян тарткан. Анын ичинен 16 млн. сомдон ашууну өндүрүлдү. Учурда Финполицияда бул факты боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызматкерлерди аныктоо иштерин улантууда. Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн ар бир жеңил, жүк ташуучу, жергиликтүү жана чет элдик автоунаалар өзүнчө тариф менен акы төлөшөт.


Былтыр Транспорт жана жол министрлигине караштуу «Бишкек-Ош» мамлекеттик дирекциясынын кызматкерлери коррупциялык схема түзүү боюнча шектүүкатары кармалганы кабарланган. Алар өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген магистралдагы «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө бекеттери аркылуу өткөн автоунаалардан түшкөн каражаттын чыныгы суммасын жашырган деген шек менен кармалган. Финпол мындан мамлекет тарткан зыянды 20 млн. сомго баалаган.