Жаңылыктар
"Жетим-Тоо" сатылбайт
Кыргызстан жаңылыктары
"Жетим-Тоо" сатылбайт

Кыргызстандын өкмөтүнүн "Жетим-Тоо" кенин сатуу ниети жок. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Максат Мамытканов маалымдады. Ал билдиргендей, азыркы учурда өкмөттүн дарегине Нарын облусунда жайгашкан ири темир кенин сатууга ниеттенип жатат деген айыптоолор көп айтылууда. Өкмөт элдин мүлкүн эч кимге сатпай тургандыгын, акыркы убакта шайлоо алдында атайын каралоо жүрүп жатканын белгилеген Максат Мамытканов, "Жетим-Тоону" чет элдик инвесторлорсуз эле Кыргызстан өзү иштетүүнү максат кылып жатканын кабарлады. Кошумчалай кетсек, Нарын облусундагы «Жетим-Тоо» кенинде 2010-жылдагы эсептөөлөр боюнча 3 млрд 344 тонна темир бар. Кен 6 участоктон туруп, узундугу 40 чакырымга созулат. Ал темирдин камтылышы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.