Өкмөт ышка каршы күрөшүү боюнча план бекитти. Ага ылайык турак үйлөр газга туташып, көмүрдүн сапаты текшерилиши керек. Мындан сырткары газ менен жүрө турган унааларды көбөйтүү, ышты пайда кылган негизги себептерди аныктоо да каралды. Бекитилген план Бишкек шаары менен, Сокулук, Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртууга багытталууда.
Эл аралык байкоолордун натыйжасына таянсак Бишкек абасы кир шаарлардын сап башында кала берүүдө. Бул абал калаа тургундарын тынчсыздандырды. Бишкек шаары жана Сокулук, Аламүдүн райондорунун экологиясын жакшыртууга багытталган өкмөттүн комплекстүү планы дал ушул ышка каршы күрөшүүнү максат кылат.