Жаңылыктар
“Түндүк электр” ишканасы 10-январда күчөтүлгөн тартипте иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
“Түндүк электр” ишканасы 10-январда күчөтүлгөн тартипте иштейт

Добуш берүүнү үзгүлтүксүз өткөрүү үчүн ордо калаадагы шайлоо тилкелеринин тең жарымы алтернативдик электр энергиясы менен камсыздалды. Участокторго генератордук жабдуулар орнотулуп, "Tүндүк электр" ишканасынын адистери алдын ала текшерүүдөн өткөрдү. Жарык менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында электр жабдуулары, чубалгыларды пландуу оңдоо иштери убактылуу токтоду. Кырдаалга жараша авариялык-калыбына келтирүү иштери гана жүргүзүлөт.

10-январда “Түндүк электр” ишканасы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Райондук электр тармактарында кошумча бригадалар түзүлүп, атайын шаймандар даярдалган. Борбор калаадагы №1118 шайлоо участогунда адистер генераторду иштетип, алдын ала текшерүүдөн өткөрдү.