Жаңылыктар
Нарын облусунда 171 шайлоо тилкеси добуш берүүгө даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусунда 171 шайлоо тилкеси добуш берүүгө даяр

Нарын облусунда 171 шайлоо тилкеси тиешелүү жабдыктар менен камсыздалып, добуш берүүгө даяр. Дубанда жалпы 202 миңден ашык шайлоочунун тизмеси такталды. Муну менен катар коомдук коопсуздук жана санитардык эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө үчүн тиешелүү адистер да дайындалды. 

Облустагы 171 шайлоо тилкесинде жарандар өз тизмелерин тактоодо. Ал эми шайлоо күнү иштей турган адистер даярдыктан өткөрүлдү.