Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов экономикалык мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Документте камтылган маселелердин негизги максаты - көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу. Тактап айтканда, мамлекетке келтирилген зыян төлөнүп берилсе, айыпкер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Эске салсак, мыйзамдын долбоорун 23-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган.
Экономикалык мунапыстын негизги идеясы - экономикалык кылмыштар менен күрөшүүнүн альтернативалык ыкмасын колдонуу. Маселен мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн, салык же бажы төлөмдөрүн жаап-жашырып койгондор, ага катар коррупцияга аралашкан жактар өз ыктыяры менен мамлекетке келтирген зыянды төлөп бериши керек. Экономикалык кылмышка айыпталгандардын бардыгы мына ушул мыйзамдагы жеңилдиктен пайдаланышса болот.