Жаңылыктар
"Жерүй" алтын кениндеги фабрика ушул жылдын февраль айында ишке кирет
Кыргызстан жаңылыктары
"Жерүй" алтын кениндеги фабрика ушул жылдын февраль айында ишке кирет

"Жерүй" алтын кениндеги фабрика ушул жылдын февраль айында ишке кирет. Бул тууралуу Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Артём Новиков Талас облусуна барган иш сапарында белгилүү болду. 

Азыркы тапта "Жерүй" алтын кенинде өндүрүштү калыбына келтирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучунун катышуусунда инвестор менен өкмөттүн ортосундагы бардык суроо жараткан маселелерди чечүү жана элдин талаптарын адилет карап, абалды жөнгө салуу боюнча «Алтын Альянс» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөөшүүлөр болду. Бул багытта өкмөт тараптан бардык колдоолор көрсөтүлөрүн, келерки кыш мезгилдин аягына чейин фабрика биринчи алтынды өндүрүп чыгарарына ишенерин айтты. Ал ошондой эле инвестор менен багыттуу иш алып баруу өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизерин да кошумчалады. Бул өңүттөн алып караганда өкмөт инвесторлор үчүн тоскоолдуксуз ишке шарт түзүп берүүгө даяр.

"Бул маселенин чечилишинде биз жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылууга көңүл бурабыз. Талас облусун өнүктүрүү фондунун үстүнөн иштөөнү сунуштайт элем. Дагы бир маанилүү маселе экономикалык кластер түзүү. Бул жерде өндүрүш тууралуу да көп сунуштар айтылган. Ишкана толук түрдө жергиликтүү өндүрүштү колдошу керек. Аны менен катар эле эл аралык деңгээлдеги экология маселесин да эстен чыгарбашыбыз керек. Калдыктар тууралу эл аралык экологдордун жана жергиликтүү элдин катышуусунда чара көрүлөт. Бул жагынан ишкананын жоопкерчилиги чоң",- деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков.