Каржы министрлигинде тышкы карызды төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 1 млн 29 миң сом түштү. Анын ичинен 1 млн 22 миң сому жарандардан, 27 миң сому ишканалардан келип түшкөн.
Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, 31-декабрь күнү 1 млн сомду Адылбек Асанов аттуу жаран которгон. Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн элден акча чогултуу максатында финансы министрлигинин алдында атайын депозиттик эсеп ачылган. Өкмөт эми республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат.
Тийиштүү токтомдун долбоору 6-январда коомдук талкууга коюлду. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында ачат. 2021-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 180 млн доллар. Мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд 827 млн долларга жетти.