Жаңылыктар
Өкмөт тарабынан 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандарга жардамдар берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт тарабынан 5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандарга жардамдар берилүүдө

5-6-октябрдагы окуяларда жабыркаган жарандар Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат. Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айынын башында вице-премьер-министрлер Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов 2020-жылдын октябрь окуяларында жабыркаган жарандар менен жолугушкан. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда. Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде Түркиянын дарыгерлери 8 жарандын көзүнө протез салат.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында жабыркаган дагы бир жарандын көзүнө татаал операция жасалат, аны да Түркиянын дарыгери өткөрөт.

2020-жылдын декабрь айынын соңунда жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга жардам көрсөтүлгөн. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева ал үчүн өз айлык маянасын которуп берген.

Ал эми бул окуяларда жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы боюнча октябрь окуяларында жабыркаган жактардын кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аны саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Комиссия жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карайт.

Өкмөт белгилегендей, октябрь окуяларында жабыркаган бардык жарандарга зарыл болгон медициналык көмөк көрсөтүү улантылат.