Жаңылыктар
Чүй облусунун Сокулук, Кара-Балта райондорундагы медициналык жана маданий жайлар оңдоого муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусунун Сокулук, Кара-Балта райондорундагы медициналык жана маданий жайлар оңдоого муктаж

Чүй облусунун Сокулук, Кара-Балта райондорундагы медициналык жана маданий жайлар оңдоп-түзөөгө муктаж. Айрымдарын кайра куруу керек. Маселе өкмөттө каралат. 

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жумуш сапарынын алкагында аталган аймактагы ооруканалар менен китепкана, балдар искусство мектебинде болуп, кызматкерлер менен баарлашып, көйгөйлүү маселелерин укту. Ошондой эле, ал 100 жашка тайыган Кара-Балта шаарынын жашоочусу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Павел Нестеровго барып, ден соолугун сурады. 

Ардагер Чүй облусунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Кеменгер” медалы менен сыйланды. Бул ардагердин 44-медалы. Павел Нестеров кан күйгөн майданда бир нече фронттордо согушуп, көптөгөн сыйлыктарга татыган.