Жаңылыктар
Бишкек жана Чүйдүн экологиялык абалын жакшыртууга багытталган комплекстүү чаралардын планы бекиди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек жана Чүйдүн экологиялык абалын жакшыртууга багытталган комплекстүү чаралардын планы бекиди

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Бишкектин жана Чүй облусунун экологиялык абалын жакшыртууга багытталган комплекстүү чаралардын планын бекитти. 

2021-2023-жылдарга эсептелген планга кирген иш-чаралар Бишкек шаарында жана Сокулук, Аламүдүн райондорунда ишке ашырылат. План шаар куруу, пландоо жана дизайн, жылуулук менен камсыз кылуу, транспорт, абанын булганышы боюнча мониторинг жана маалымдоо деген төрт негизги багыттан турат. Анда имараттарды арасынан жел өтүп тургудай куруу, бак-дарак отургузуу, башкы планга өзгөртүү киргизүү, ирригация түйүндөрүнүн ишин жакшыртуу, таштанды маселесин чечүү, газ отунга өтүү, транспорттун абаны булгабай турган түрлөрүн пайдалануу, изилдөө иштерин жүргүзүү иш-чаралары мөөнөтү жана каржы булактары менен көрсөтүлүп жазылган.

Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюмунун маалыматында Бишкекте абанын булганышы 6-январда да кооптуу чектен ашып турганы айтылды.