Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Рождество майрамы менен куттуктап, каалоо-тилек айтты. Мамытов бул илгери үмүт, ишеним, жарык маанай тартуулай турган майрам экенин белгиледи.
"Кыргызстандын православ чиркөөсү кылымдарды карыткан бай тарыхында улут аралык тынчтыкты бекемдөөгө, мамлекет жарандарын Ата Мекенди сүйүүгө, үй-бүлөлүк баалуулуктарды урматтоого тарбиялап, диний конфессиялар аралык диалогду чыңдоого чоң салым кошуп келет", — деп айтылат куттуктоодо.
Сөзүнүн соңунда Мамытов жалпы элге бекем ден соолук, ар бир үйгө береке каалады.