Кемин, Чүй райондорундагы аймактык ооруканалардын айрым бөлүмдөрүнүн имараттарынын эскилиги жеткен. Алардын абалы менен таанышып чыккан вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева маселелердин чечилерин убадалады. Ал эми Ысык-Ата районундагы республикалык балдар психиатриялык ооруканасын башка жакка көчүрүү жагы каралууда.