Финансы полициясы атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек шаарындагы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата сотко чейинки өндүрүштү баштады.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 233-беренесинде (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.