Жаңылыктар
Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун көмөктөшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун көмөктөшөт

Шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуундун мүчөлөрү тартылды. Бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди. 

Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди. Ал эми шайлоо күнү 11 миңден ашык милиция иштейт. Башка мекемелерден 2 миң 100 кызматкер да иш алып барат.

"Шайлоого даярдыкты толук кандуу жүргүзүп жатабыз. Ошону мене бирге укукк коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүүдө. ИИМ чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар кылмыш ишине тартыларын эскеретет. Бардык катталган материалдар текшерилүүдө",- деди Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетова.