Алдыдагы шайлоого байланыштуу 6-январга карата жалпы мыйзам бузуу боюнча 50 фактынын негизинде арыз Ички иштер министрлигине келип түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында министрликтин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 15, Ош облусунда 16, Ош шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 3, Нарында 1 факты катталган. “Алардын ичинен 15и Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Калган 35и электрондук журналга киргизилген. 9 кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп, 6 иш кыскарган.
"Ал эми добуш сатып алуу боюнча 5 иш түшүп, төртөө кыскарды. Уурулук боюнча Сузакта катталып, тергөө иши жүрүүдө. Ээнбаштык боюнча 2 факты катталган болсо, бирөө кыскарган. Жоруктар боюнча 6 иш келип түшкөн, анын төртөөсү кыскарган",- деди Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов.