Алдыдагы президенттик шайлоого карата "119" Call-борборунун операторлору күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Кызматкерлер майрам жана дем алыш күндөрү дагы эл кызматында болушат. Шайлоо күнү, 10-январда, 60тан ашык оператор телефон чалууларга жооп берет. 119 ыкчам байланыш борборуна чалуулар бардык уюлдук операторлордун абоненттери үчүн бекер, — дешти кызматтан.
Мындан тышкары, жарандарды биометрикалык идентификациядан өткөрүү үчүн жабдыктарды даярдоодо 120 кызматкер иштөөдө. Алдыдагы шайлоодо республика боюнча "Инфоком" ишканасынын 420 кызматкери жана шайлоочуларды идентификациядан өткөрүү үчүн 6200 комплект жабдык иштейт. Кошумча резервдик жабдыктар дагы даярдалат.