Жаңылыктар
Дары-дармек каражаттарын каттоону узартуу чечими кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Дары-дармек каражаттарын каттоону узартуу чечими кабыл алынды

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши арыз берүүчү тарабынан дары-дармек каражаттарын каттоону ишке ашырууну 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды. 

Бул Евразиялык экономикалык бирлик эрежелерине, же интеграциялык бирликке мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык тандоо мүмкүнчүлүгүн берген өткөөл мезгилге байланыштуу. Буга чейин алгачкы мөөнөт 2020-жылдын 31-декабры деп көрсөтүлгөн. 

Өткөөл мезгилди узартуу жана дары-дармек каражаттарын улуттук каттоодон өткөрүүнү сактоо чечимин кабыл алуу ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагынын жаңы дары-дармектерге карай муктаждыгын толугураак канааттандырууга мүмкүндүк берет.