Жаңылыктар
"МАК-2020" операциясынын жыйынтыгында 119 кылмыш аныкталып, 225 кг баңгизаты алынды
Кыргызстан жаңылыктары
"МАК-2020" операциясынын жыйынтыгында 119 кылмыш аныкталып, 225 кг баңгизаты алынды

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан декабрь айына чейин "МАК-2020" операциясын өткөрүүнүн жыйынтыгында 119 баңгизат менен байланыштуу кылмыш аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 225 кг чукул баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Ошондой эле 16 бирдик сайсыз ок атуучу курал, 63 даана ок дары, 2 бычак жана РГ - үлгүсүндөгү 3 даана граната, 2 үн чыгаруучу граната алынды. "Кара куурай" операциясынын жүрүшүндө өлкөнүн аймагында 1 миң 262 гектар жер изилденди жана анын ичинен 547 гектарында өсүп жаткан кара куурай орулуп алынып, салмагы суу абалында 390 тоннага чукул кара куурай өрттөө жолу менен жок кылынды.