Жаңылыктар
Эльвира Сурабалдиева Чүй облусундагы аймактык ооруканалардын абалы менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Эльвира Сурабалдиева Чүй облусундагы аймактык ооруканалардын абалы менен таанышты

Кемин жана Чүй райондорундагы аймактык ооруканалардын айрым бөлүмдөрүнүн имараттарынын эскилиги жеткен. Алардын абалы менен таанышып чыккан вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева маселелердин чечилерин убадалады. Ал эми Ысык-Ата районундагы республикалык балдар психиатриялык ооруканасын башка жакка көчүрүү жагы каралууда.

Кемин районунун аймактык ооруканасында хирургия, терапия, жандандыруу, төрөт үйү, инфекциялык бөлүм бар, кабыл алуу бөлүмүнүн ичинде рентген, УЗИ, физикалык бөлмө жайгашкан. Төрөт үйү толук капиталдык оңдоодон өткөн. Шарты жакшыргандан бери бул төрөт үйүндө көз жарган энелердин саны өстү.