Жаңылыктар
Бишкек мэриясында шаардык жана аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек мэриясында шаардык жана аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча жыйын өттү

Бишкек шаардык мэриясында 10-январь күнү өтө турган шайлоого даярдыктар талкууланып, шаардык жана аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча жыйын өттү. 

Жыйында Бишкектеги төрт райондун акимдери маалымат берип, шаардагы бардык шайлоо участкаларында техникалык маселелер чечилгенин айтышты. 

"Түндүк электр" ишканасы бүгүндшаардык жана аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча жыйын өттүөн баштап генераторлорду туташтырууну баштаган. Шаар бийлиги тарабынан район жетекчилерине санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн шайлоо участкалары залалсыздандырылып, термометрлер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо тапшырмалары берилген. 

Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, шайлоо участкаларында 729 медицина кызматкери нөөмөткө турушат, бардык дарыгерлер жеке коргоочу кийимдер менен камсыздалып, дары-дармектер берилген. Шайлоо күнү Тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипте, ал эми коомдук унаалар штаттык режимде иштейт. Коомдук коопсуздукту Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлгө алат.