Жаңылыктар
БШК 10-январдагы добуш берүүгө кошумча бюллетень чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
БШК 10-январдагы добуш берүүгө кошумча бюллетень чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январдагы добуш берүүгө 3 миң 564 бюллетень кошумча чыгарды. Мыйзамга ылайык, бюллетендер добуш берүүчүлөрдүн санынан 0,1% көбүрөөк басылышы керек. 

Бул тиешелүү кагаз керектен чыгып калган же бузулуп калган учурлар үчүн эске алынган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына караганда, президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоочу референдумга 3 млн 567 миң 138 бюллетень даярдалды. Алар аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберилген.