Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 5-январь күнү саат 17:33тө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Өзгөн районунун Орказган, Ак-Терек, Ничке-Сай, Зергер, Саламалик, Эркин-Тоо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.