ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын 161 Куткаруу кызматынын куткаруучулары өз өмүрлөрүн тобокелге салып иш алып барышат. Өткөн жылы аталган кызмат тарабынан жалпы 421 жолу ар кандай өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга жана авариялык куткаруу иштерине чыгуулар болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Түрдүү экстремалдык шарттарда куткарылган жарандардын саны 38. Күтүүсүз кырдаалдарда 30 адамга жардам көрсөтүлүп, 7 ирет дарыгерге чейинки жардам көрсөтүлгөн. Жалпысынан 1 жыл ичинде 313 адам жардам сурап кайрылса, бекилип калган бөлмөлөрдү ачуу боюнча 213 жаран кайрылган. Ошондой эле телефон аркылуу кеңеш берүү жыл башынан бери 3 721ди түзгөн. Мындан тышкары, куткаруучулар сууга чөккөн жарандарды издеп табуу жана жол кырсыгынан жабыркагандарды куткаруу иштерин тынымсыз аткарып келишет.