Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору майрам жана дем алыш күндөрү дагы иштейт.
Буга чейин жетинчи жана сегизинчи январь күндөрү жумуш эмес, 9-10-январь дем алыш күндөрү экендиги маалымдалган.
“Президенттик шайлоо жана референдумдун алдында жарандардын кайрылууларынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, иштөө чечими кабыл алынды. Паспортун даярдоого мурда арыз берген жарандар, паспортторду жасап берүү тартибине жана жаңы жумуш календарга ылайык, 7-январдан 10-январга чейин эртең мененки саат тогуздан кечки сегизге чейин даяр ID карталарын ала алышат", - деп айтылат малыматта.
Ошондой эле документинин даярдыгы боюнча маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан жана мобилдик тиркеме аркылуу билсе болот.