Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов "Кылым шамы" укук коргоо борборуна, жетекчиси Азиза Абдирасуловага жооп берди. Анда ал Абдирасуловадан өзүнө карата жолдогон кайрылууну кунт коюп окуп чыкканын жана анын 3-январдагы "Мыйзамсыздык үчүн" марштын талаптарына байланыштуу билдирүсүн негиз кылып, ээлеген кызматынан пайдаланып жаткандай түр көрсөткөнүн негизсиз деп атаган.
Ар бир адамдын өз оюн айтууга укугу бар, аны танбайбыз, бирок ошол эле учурда коомчулукка туура эмес маалымат берип, дүрбөтүү жакшы эмес. Эмне максатта ошондой маалыматтарды таркатып жатат, айтуу кыйын. Бирок, өлкө президентин шайлоо алдында турган кезде – элдин тандоосуна таасир этүү аракети жүрүп жатканын эч ким тана албайт. Элге тандоо укугун өзүнө бериш керек.
Коомчулукту адаштырунун арты жакшы болбойт деп айтылат Анаркуловдун жообунда. Ошондой эле ал бүгүнкү максат – шайлоонун таза өтүшүн, ачыктыгын камсыз кылуу. Бул багытта бардык шарттар түзүлгөнүн, бардык талапкерлер бирдей укукта шайлоо кампаниясын, үгүт иштерин жүргүзүп жатышканын айтат. Он жыл мурдагы саясий окуялар менен азыркы учурду салыштыруу мүмкүн эместигин, анткени бүгүн эч кимдин укугу бузулбаганын жана Конституциялык укуктар толук сакталып жатканын танууга болбой турганын жазган, Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов өзүнүн жообунда.