Жаңылыктар
Шайлоого карата алгоритм иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоого карата алгоритм иштелип чыкты

Саламаттык сактоо министрлиги Борбордук шайлоо комиссиясы менен биргеликте шайлоо учурунда элдин саламаттыгына кам көрүү жана санитардык эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын алгоритм иштеп чыкты. 

Маалыматта айтылгандай, шайлоо учурунда иш алып бара турган бардык кызматкерлер медициналык каражаттар менен толук камсыз болуп, ар бир шайлоо участогунда залалсыздандыруу иштери жүргүзүлөт.