Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна үгүт маалындагы мыйзам бузуулар тууралуу 38 арыз келип түштү. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү жыйын өткөрүп, арыздардын маанисине карата тиешелүү органдарга берилгенин билдирди. Ушул тапта, арыздардын 10 ашыгы ички иштер министрлигинде териштирилүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалындагы мыйзам бузууларды убагында аныктап, аларга чара көрүү максатында атайын координациялык топ түзгөн. Азыркы тапта күн сайын республиканын ар кайсы аймагынан түрдүү мыйзам бузуулар тууралуу арыздар катталууда.