Президенттик шайлоо менен референдумга байланыштуу бардык маалыматтарды ыкчам байланыш номери аркылуу алса болот. "1255" кыска номери үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бул номерге шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо үчүн кайрылгандар арбын.
Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам байланыш номери жарандарды шайлоого байланыштуу маалыматтар менен камсыз кылуу үчүн ачылган. Суроолорго жооп берип жаткан операторлордун айтымдарында көбүнчө өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактагысы келгендер кайрылып жатышат.