Ошто ишкерлер менен текшерүүчү органдардын ортосунда алгачкы ирет ачык жолугушуу уюшулду. Ишкерлердин укугун коргоого багытталган аянтчада бир катар көйгөйлөр айтылды. Пандемияга карабай, өткөн жылы шаарга 5 млрд сомдой инвестиция тартылса, мунун 65 пайызын ички инвесторлор түзгөн.
Былтыр Ош шаарына 5 млрд. сомдон ашык инвестиция тартылган. Көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 10 пайызга төмөн. Пандемияга карабай, шаар ичинде жаңы 1 миң 500дөй туруктуу иш оруну ачылган.