Кыргызстанда 100 миң сомго чейинки насыя алган 673 миңден ашык жаран үстөк пайыздан бошотулат. Өкмөт банктардан насыя алган жарандарга колдоо көрсөтүү механизмин күз айларында иштеп чыккан. Токтомдун аткарылышын, Улуттук банк менен Каржы министрлиги көзөмөлдөп жатат.
Көп жылдан бери ар кандай насыяларды алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан Бакытжан Төрөбаев, чакан машыгуу залын ачкан. Пандемияга байланыштуу киреше ойдогудай болбосо да, насыяны ай сайын төлөөгө туура келет. Эми 3 айдын үстөк пайызын төлөөгө мамлекет жардам берип, насыянын негизги суммасын гана төлөп жатат.